Өчүп калат. Телефонду каттатуу үчүн бир күн калды

Эртеңкиге чейин байланыш каражатын каттатып жетишип калуу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. 15-августта байланыш каражаттарынын IMEI-кодун (смартфон, планшет) каттоо аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик идентификация системасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттоодон өтпөгөндөр түйүндөн өчүрүлөт.

"Эгер сиздин телефон катталган эмес болсо дүкөнгө кайрылып, сатуучуга сиздин атыңызга каттап берүүнү өтүнүшүңүз керек. Телефонду каттоо үчүн акы импортер, реализаторлордон алынат", — деп жазылат маалыматта.

Байланыш каражатынын катталган-катталбаганын сайттан текшере аласыз.
Эске салсак, 25-июнда уюлдук телефондорду идентификациялоонун мамлекеттик системасы ишке киргизилген. Өкмөттөн бул аткезчилик жол менен келген телефондорду колдонууну, телефон уурулугун жана алдамчылыгын жоерун билдиришүүдө. Өз алдынча каттатып алуу үчүн атайын даярдалган материал менен таанышып чыгыңыз.
Радио
Адис: мобилдик телефондорду каттоо онлайн-алдамчылыкка бөгөт коёт