ӨКМ шашылыш билдирүү таратып, Ысык-Көлдө сел кооптуулугу бар экенин эскертти

Министрлик чукул кырдаал жаралса 112 кызматына билдирүүнү өтүндү.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. ӨКМ шашылыш билдирүү таратып, Ысык-Көлдө сел кооптуулугу бар экенин эскертти.
Маалыматка ылайык, мындай кооптонуу 15-16-августта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу.
"Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бийик тоолорго жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөбүз", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле министрлик чукул кырдаал жаралса 112 акысыз кызматына билдирүүнү өтүндү. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат.
Ысык-Көл облусундагы сел 17 турак үйдү каптап, көпүрөнү агызып кетти