Мамлекет 2,8 миң жетим балага банктан депозит ачат

Жетим балдарга жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө депозиттин эсеби тууралуу кабарланары белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. "Келечекке салым" депозитинин жобосу бекитилди, 2 853 жетим балага депозит ачылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Депозитти ачуу үчүн жарандардын кайрылуусунун зарылдыгы жок, аны балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган менен мамлекеттик банк өз алдынча ишке ашырат.
"18 жашка чыкканда депозитте 500 миң сомдон кем эмес каражат топтолот. Аны билим алууга, ден соолугун, турак жай шарттарын жакшыртууга же турак жай сатып алууга жумшаса болот", — деп айтылат маалыматта.
Жетим балдарга жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө депозиттин эсеби тууралуу кабарланары белгиленди. Ошондой эле министрлик өлкөдө 2 853 жетим бала жашай турганын кошумчалады.
Радио
Чокоева: быйыл жайкы эс алуу лагерлеринде шарттар жакшырды