Министрлик 89,7 миң абонент үчүн электр энергиясынын тарифин көтөрүүнү сунуштады

Жаңы тарифтер кирсе энергетикалык компаниялардын кошумча кирешеси 900 миллион сомду түзөрү белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Энергетика министрлиги 89 миң 767 абонент үчүн электр энергиясынын тарифин көтөрүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Маалыматка ылайык, өлкөдө 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясынын тарифтик саясаты бекитилген. Ага ылайык, инфляцияга карата тарифтерге түзөтүүлөр киргизилип турат.

"Электр энергиясынын тартыштыгын жабуу максатында 2022-жылы 2 миллиард 586,7 миллион киловатт-саат, 2023-жылы 2 миллиард 760 миллион киловатт-саат электр энергиясы импорттолсо, быйыл 3 миллиард 900 миллион киловатт-саат электр энергиясын башка өлкөлөрдөн сатып алуу пландалууда. 2024-жылга карата талдоого ылайык энергетикалык компаниялардын кирешеси 32,5 миллиард сом, ал эми чыгашасы 40,6 миллиард сомду түзөт. Тартыштык 8,1 миллиард сом болору күтүлүүдө", — деп жазылат токтомдун негиздемесинде.

Мындан улам ведомство "Башка керектөөчүлөр" тобуна электр энергиясынын тарифин киловатт-саатына 3,76 сом (салыктарды эске албаганда) деп белгилөөнү сунуштоодо. Мурда булар "Бюджеттик керектөөчүлөр" тобунда болуп, алар үчүн тариф 3,18 сом болчу. Өзгөрүүлөр өнөр жай, айыл чарба керектөөчүлөрүнөн башка тиричиликтик эмес абоненттерге тиешелүү болот.
Былтыр республика боюнча 89 миң 767 тиричилик эмес абонент катталган. Алар 1,6 миллиард киловатт-саат энергия колдонгон. Жаңы тарифтер кирсе энергетикалык компаниялардын кошумча кирешеси 900 миллион сомго жетери болжолдонууда.
Тиричиликтик эмес колдонуучулар: юридикадык жактар, жеке ишкерлер жана кеңсе ээлери.
Вице-мэр: ТЭЦ газга өтсө жылуулуктун тарифи жогорулашы мүмкүн