Радио

Жумаев: кооперативдер көбөйсө экспортко жол ачылат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин чечимдерин ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Нурлан Жумаев учурда өлкөдө дыйкандардын 741 бирикмеси бар экенин айтты.
Sputnik
Кооперативдерди көбөйтүү түшүмдүүлүктү арттырып, экспортту жогорулатат. Бул тууралуу Нурлан Жумаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2030-жылга чейин дыйкандардын 400дөн ашуун бирикмесин түзүү пландалууда.

"Азыр Кыргызстанда 741 кооператив бар. Бул бирикмелердин санын көбөйтүү зарыл. 2030-жылга чейин жаңы 400дөн ашык бирикме түзүүнү пландап жатабыз. Биз чакан товардык өндүрүштө калып калганбыз. Мисалы, дыйкандардын айрымдарында 1 гектар, кээ бирлеринде 5 гектар, болбосо 10 гектар жер бар деп коёлу, анда дыйкандар ар кандай сорттогу, ар кандай өсүмдүктү өстүрүп жатат. Ушундан улам биригүү керек деп жатабыз. Бир айыл болобу же бир аймак болобу, биригип, бир багытта, эки-үч өсүмдүккө өтүп сээп-айдасак, ошондо гана көлөмгө чыгабыз. Аны кайра иштетсек кийин кошумча каражат түшөт, мындан дыйкандар пайда көрүп, байыйт. Ошондо бизге келечекте экспортко чыкканга жол ачылат", — деди Жумаев.

Ошондой эле ал дыйкандардын биригүүсү ирригациядан баштап банктан насыя алганга чейин көптөгөн жеңилдиктерди алып келерин кошумчалады.