Катарлык хирургдар Бишкекте балдардын кулагына акысыз операция жасашат

Операцияга бейтаптарды тандоо 20-сентябрга чейин жүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Катардан келген дарыгерлер Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кохлеардык имплантация боюнча акысыз операция жасашат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.
Билдирмеге ылайык, бейтаптарды тандоо 20-сентябрга чейин жүрөт.
"Катардан келген отохирургдардын тобу операцияларды 24-октябрдан тартып жасай башташат. Операцияга эки кулагы тең укпаган, кулактын ички бөлүгүнүн жабыркашынан улам эки кулагы тең укпай калган жана кулагы угуп төрөлүп, кийинчерээк укпай калган беш жашка чейинки балдар кабыл алынат. Операция алдында балдар комплекстүү текшерүүдөн, медициналык комиссиядан өтүшү керек", — деп айтылат маалыматта.
ЛОР-дарыгерлер 7 баланын кулагына уникалдуу операция жасады