Башкы прокуратура үй-бүлөлүк зомбулукка кайдыгер болбоого чакырды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Башкы прокуратура үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча соцролик жарыялап, жарандарды кайдыгер болбоого чакырды.
Видеодо кошуна үй-бүлөдө болгон чыр-чатакты укмаксан болуп көз жуумп койгон коңшулар көрсөтүлөт. Чатактын аягы трагедия менен бүткөн.
Башкы прокуратура үй-бүлөдөгү зомбулук учурлары тууралуу дароо укук коргоо органдарына кабарлоону өтүндү.
2024-жылдын төрт айында эле Кыргызстанда 4 767 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 632 учурга көп.
Пресс-борбор
Милициянын коргоо ордерлерин алгандар көбөйдү. Себеби