АКШда кыргызстандыктын сабалышы боюнча окуяны ТИМ көзөмөлүнө алды

Жабыркаган Шайлообек Базарбай уулун окуянын күбөсү сактап калган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. АКШда кыргызстандык жарандын сабалышы боюнча окуяны Тышкы иштер министрлиги өз көзөмөлүнө алганын кабарлады.
Буга чейин Лос-Анжелесте өспүрүмдөрдүн тобу Кыргызстандын жаранына кол салып, аны тоноп, машинасын талкалап кетишкени айтылган. Жабыркаган Шайлообек Базарбай уулун окуянын күбөсү сактап калган. Видео бар экенине карабай Лос-Анжелестин полициясы эч кимди жазалабаганы айтылды.

"Азыркы учурда Кыргызстандын Чикаго шаарындагы (АКШ) Башкы консулдугу тарабынан Кыргыз Республикасынын жараны менен болгон окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад: күйөөсү кош бойлуу аялын жылаңачтап сабаган. Милиция окуя тууралуу