Кыргызстанда 6 жашка чыккан балдар нөлүнчү класска барышы керек

Бала бакчага барган бөбөктөр ошол жактан мектепке даярдануусун уланта берет.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Кыргызстанда алты жашка чыккан балдар нөлүнчү класска барышы керек. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги, мектептен тышкары жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткарган Айнура Кусеинова маалымат жыйында билдирди.
Министрлик өкүлүнүн айтымында, бул балдар кийинки жылы дароо 2-класска отурат.
"Программа буга чейин деле бар болчу, бирок айрым балдар бала бакчага да, мектепке да барчу эмес. Эми сентябрдан тарта алтыга чыккан балдар милдеттүү түрдө нөлүнчү класска барышы керек болот", — деди Кусеинова.
Нөлүнчү класстын милдетин азыр бала бакчада даярдоо тайпалары аткарып жатат. Ал эми бакчага барбаган балдарды мектептердин базасындагы нөлүнчү класстарга алып баруу керектиги айтылды.
Өлкө мектептериндеги шарт бирдейлештирилип, гимназия макамы жоюлат