Радио

Кыргызстанда чыгарылган автоунаа сатып алууга жеңилдетилген насыя берилет

"Айыл банк" ААКнын талдап иликтөө жана коштоо бөлүмүнүн башчысы Нарынбек Токтогулов кыргызстандыктар ата мекендик унааларды сатып алуу үчүн жеңилдетилген насыя ала аларын айтты.
Sputnik
Кыргыз-өзбек автозаводунан чогултулган унаалар "Жеңилдетилген автокредит" долбоору аркылуу насыяга берилет. Мамлекеттик органдар, юридикалык жактар жана жеке ишкерлер 5 жылга 100 миллион сомго чейин, ал эми жеке жактар 3 миллион сомго чейин каражат ала алышат. Бул тууралуу Нарынбек Токтогулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, насыялар мамлекеттик эки банк тарабынан сегиз пайыз жылдык үстөгү менен берилет.

"2024-жылдын 10-майында ата мекендик автоунааларга болгон суроо-талаптарга дем берүү максатында министрлер кабинетинин "Жеңилдетилген автокредит" долбоору бекитилген. Анда ата мекендик унааларды алуу шарттары, мөөнөтү жана кимдер ала алары көрсөтүлгөн. Жеңилдетилген насыя сегиз пайыз үстөгү менен 5 жылдык мөөнөткө берилет. Мамлекеттик органдар, юридикалык жактар жана жеке ишкерлер 100 миллион сомго чейин, ал эми жеке жактар 3 миллион сомго чейин каражат ала алышат. Ал үчүн "Айыл банк" менен "Элдик банкка" кайрылса болот. "Айыл банкка" өзүнүн каражатынын эсебинен жылдын аягына чейин 400дөй унааны кредитке берүү милдеттендирилген. Учурда банктын кызматкерлери тарабынан өлкөнүн бардык аймактарында кошумча маалымат берүү иштери жүрүп жатат", — деди Токтогулов.

Ал ошондой эле Кыргызстандын автозаводунан чыгарылган унааларды ала тургандарда 20 пайыз минималдуу баштапкы төлөмү болушу керектигин кошумчалады.