15-августка карата аба ырайы

15-августка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. 15-август, бейшембиде, тоолуу жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөсө, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +34...+39, Талас аймагында +31...+36, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34...+39, Ысык-Көл жергесинде +26…+31, Нарын өрөөнүндө +27...+32 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарында +37...+39 градуска жетсе, Чолпон-Атада +24...+27 градус жылуу болору айтылды.
ӨКМ шашылыш билдирүү таратып, Ысык-Көлдө сел кооптуулугу бар экенин эскертти