Борбордогу уруксатсыз таштанды таштоочу жайларга орнотулган видеокамералар жардам берүүдөбү?

Sputnik
Бишкекте белгиленбеген жерге ташталган таштандыларды жоюуга, шаардыктарды жана чарбакер субъекттерди Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактоого чакырууга багытталган онлайн видеокамералар орнотулган. Анын жардамы менен Свердлов районунда таштанды таштоого уруксатсыз болгон 20 жайдын бешөөсүндө эрежени сактабагандар аныкталды. Жыйынтыгында аларды таап, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айыппулдар салынды. Бул жайлар жоюлду. Инспекторлор күн сайын таң эрте рейдке чыгышууда.
Орнотулган видео камералар таштанды таштаган жарандарды аныктоодо жардам берип жатканын Муниципалдык инспекциясынын Свердлов районунун бөлүм башчысы Жусуп Жакыпов айтып берди.