Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча президенттин жарлыгы – Эмне өзгөрүү алып келет, кандай тоскоолдуктар бар?

Sputnik
Жакында эле президент Садыр Жапаров "Агроөнөр жай комплексин мындан нары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду. Анын башкы максаты - Агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу көздөйт.
Бул омоктуу пландар кантип ишке ашарын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин чечимдерин ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Нурлан Жумаев жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Суу жана жер ресурстары бөлүмүнүн башчысы Канатбек Туратбек уулу айтып берди.