Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия менен Кыргызстандын ортосундагы радиациялык, химиялык жана биологиялык жагдайды аныктоо жана баалоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитти. Токтом "Эркин-Тоо" гезитинин 6-августтагы чыгарылышында жарыяланды. Анда аталган макулдашууга Кыргызстандын жана Россиянын коргоо министрлери 26-апрелде Астана шаарында кол коюшканы айтылган. "Коргоо министрлиги аталган макулдашууну ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары аныкталсын. Тышкы иштер министрлиги аталган макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Россия тарапка кабарласын", — деп жазылган министрлер кабинетинин 31-июлдагы №443 токтомунда.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанга эхинококкоз менен күрөшүү үчүн дары-дармекти жардам катары бергенин аталган уюмдан маалымдашты.Таблетка түрүндөгү 435 миң даана альбендазол дарысы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментине тапшырылды."Бул өтө маанилүү дары киста жана альвеолярдык эхинококкоз менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн зарыл. Жакын арада алары өлкөдөгү саламаттыкты сактоо боюнча бардык уюмдарга таратылат", — деп айтылат маалыматта.Эхинококкоз көбүнчө малдан жугат. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин расмий маалыматы боюнча, өлкөдө жыл сайын эхинококкоздун 800дөн 1500гө чейин учуру катталат. Хирургиялык дарылоо үчүн келген бейтаптардын 58ден 65 пайызга чейинкисин балдар түзсө, өлүм экиден алты пайызга чейин жетет.
Мамлекет Париж Олимпиадасына барып келген спортчу, машыктыруучу, дарыгерлерди сыйлоо үчүн жалпысынан 104 миллион сом сарптады. Анын ичинен 55 миллион сом алган медалына жана ээлеген ордуна жараша спортчуларга бөлүштүрүлүп берилди.Эске салсак, Олимпиададан келген спортчуларга тапшырылган автоунаалардын ичинен ону Кыргызстанда жасалган.Маалыматта темир тулпарлар Кыргызстандын аймагында жакында эле ачылган автоунаа заводунан жасалганы айтылат.
АКШнын экс-президенти жана Республикалык партиядан өлкө башчылыгына талапкер Дональд Трамп Илон Маск менен маектешип жатып, эгер кайра шайланып калса РФ лидери Владимир Путин менен кайрадан тил табышуу ниетинде экенин айтты.Трамп окуянын мындай нукта өнүгүшү жакшы жыйынтык бермектигин белгилеп, убагында Путинге Украинадагы аскердик аракеттердин кереги жоктугун да айтканын кошумчалады. Анткен менен саясатчы АКШ менен теңтайлашкан мамлекеттердин лидерлерин, алардын арасында Россия менен Кытайдын өлкө башчылары да бар, "өз ишин мыкты билген мыктылардын мыктысы" деп эсептээрин билдирген. Трамптын айтымында, АКШнын учурдагы президенти Жо Байден Россия менен Украина боюнча сүйлөшүүдөн баш тартып абдан чоң ката кетирди.Украина боюнча сүйлөп жатып, экс-президент Украина Куралдуу күчтөрүнүн адам ресурсу жаатында абалы абдан начар экенине токтолгон. Анын айтымында