Олимпиада оюндары — 2024

Айсулуу Тыныбекова карьерасын жыйынтыктайбы? Спортчунун жообу

Бишкек шаарында Париждеги XXXIII жайкы Олимпиададан кайткан спортчуларды тосуп алып, аларды сыйлоо салтанаты болду.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Париж Олимпиадасынан коло медаль алып келген спортчу Айсулуу Тыныбекова спорттогу карьерасын жыйынтыктоо боюнча суроого маалымат жыйында жооп берди.
Ал спорттогу сапарын жыйынтыктоо боюнча пикирлер болуп жатканына токтолду.

"Бардыгы "карьерасын жыйынтыктайбы" деп сурап жатат. Ал учурда медалга жеткенибизге ыраазы болуп эле аны ойлонгон жокмун. Азыр деле чарчап турам. Мага убакыт керек, ойлонушум керек. Эс алып алгандан кийин туура жооп айта алам", — деди спортчу кыз.

Эске салсак, бүгүн Бишкек шаарында Париждеги XXXIII жайкы Олимпиададан кайткан спортчуларды тосуп алып, аларды сыйлоо салтанаты болду. Тыныбекова Парижден коло медаль менен кайткан.
Олимпиада оюндары — 2024
"Кечирим да сурабаңыз". Президенттин Айсулуу Тыныбекованы куттуктаган видеосу