Трамп Путин менен кайрадан тил табышуу ниетинде

Саясатчы Россия президенти менен Кытайдын төрагасын "өз ишин мыкты билгендердин мыктылары" деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. АКШнын экс-президенти жана Республикалык партиядан өлкө башчылыгына талапкер Дональд Трамп Илон Маск менен маектешип жатып, эгер кайра шайланып калса РФ лидери Владимир Путин менен кайрадан тил табышуу ниетинде экенин айтты.
Трамп окуянын мындай нукта өнүгүшү жакшы жыйынтык бермектигин белгилеп, убагында Путинге Украинадагы аскердик аракеттердин кереги жоктугун да айтканын кошумчалады.
"Путинге "антпе, антпеш керек, Владимир" дегем. Ошол биздин акыркы сүйлөшүүбүз болду. Эч качан буга бармак эмес, мамилебиз жакшы болчу. Кайра тил табышабыз деп үмүттөнөм. Жакшы болмок", — деди Трамп.
Анткен менен саясатчы АКШ менен теңтайлашкан мамлекеттердин лидерлерин, алардын арасында Россия менен Кытайдын өлкө башчылары да бар, "өз ишин мыкты билген мыктылардын мыктысы" деп эсептээрин билдирген. Трамптын айтымында, АКШнын учурдагы президенти Жо Байден Россия менен Украина боюнча сүйлөшүүдөн баш тартып абдан чоң ката кетирди.
"Байден бир нерсе кылды, болбосо Путин Украинага кирип бармак эмес. Мен кызматтан кеткенден кийин алар (Россия — ред.) Украина менен чек арасында ири армиясын топтой башташты. Карап туруп Путин буга сүйлөшүүнү каалап жатканынан улам барды деген жыйынтыкка келдим. Ал — эпке келе турган адам", — деди Трамп.
Украина боюнча сүйлөп жатып, экс-президент Украина Куралдуу күчтөрүнүн адам ресурсу жаатында абалы абдан начар экенине токтолгон. Анын айтымында, Киев жоокеринин жетишсиздигинен улам аскердик аракеттерин уланта албайт.
Муну менен бирге Трамп россиялык армиянын кубатын белгилеп, Советтер Союзунун фашисттик Германияны, Россиянын Наполеонду жеңгенин эске салды.
Белгилей кетсек, Россия Украинадагы атайын аскердик операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери киев режими тарабынан геноцидге кабылган элди коргоо" экенин белгилеп, "жаралган кооптуулукка башкача жооп берүүгө мүмкүн болбой калгандыктан" бул Россиянын аргасыздан барган кадамы экенин айткан.
АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт. Ага Республикалык партиядан Дональд Трамп талапкер катары катышууда. Демократтардан азыркы вице-президент Камала Харрис талапкер болууга белсенип жатат.
Байден кийинки президентке согушка чулганган өлкөнү "мураска" калтырары айтылды