Трамп Байдендин Киевдин НАТОго кирүүсү тууралуу пикирине үн катты

Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байдендин Украинанын НАТОго мүчө болушу керектигин айтканы украин чатагын ырбатты. Бул туурасында Американын мамлекет башчылыгына талапкер болуп жаткан Дональд Трамптын айтканын RT жазды.
"Россия буга эч качан макул болбойт. А биз мындай нерсени жар салып жатабыз", — деген ал ишкер Илон Маск менен маектешип отурганда.
Sputnik Ближнее зарубежье экс-президент төмөнкүлөргө токтолгонун жазды:
АКШ үчүн Россия президенти менен жакшы мамиле түзүү маанилүү;
Путин, Си Цзиньпин менен Ким Чен Ын "өз ишин жакшы билген мыктылар";
ЕБ өзүн НАТО аркылуу сактап турган АКШга жаман мамиле жасап жатат. Америкалыктар Украинага 250 миллиард, ал эми Евробиримдик 71 миллиард доллар бөлгөн.
Россия менен Кошмо Штаттар өзөктүк куралдын көлөмү боюнча лидер болгону менен жакында Кытай АКШны кууп жетип жана андан озуп өтөт.
Трамп Путин менен кайрадан тил табышуу ниетинде