Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы Москвада көрсөтүлөт

Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы бүткүл россиялык "Кино түнү" иш-чарасынын алкагында Москвада көрсөтүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз тасмасы" мамлекеттик концернинин директору Талантбек Төлөбеков билдирди.
Анын айтымында, тасма 24-августта саат 21:00дө "Москино Факел" кинотеатрында тартууланат. "Кино түнү" иш-чарасында кино сүйүүчүлөр Россия жана КМШ мамлекеттеринде 2023-2024-жылдары тартылган эң алдыңкы тасмаларды акысыз көрө алышат.
"Шамбала" Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган. Бул кинокартина бир нече эл аралык кинофестивалдарга катышып, сыйлыктарга ээ болгон.
"Шамбала" тасмасы Индияда өткөн кинофестивалда сыйлыкка ээ болду