Путин Палестина президенти Аббас менен жолукту. Эмне сөз болду

РФ лидери Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялар Россиянын көңүлүнөн сырткары калбай тургандыгын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Москвада РФ лидери Владимир Путин менен Палестинанын президент Махмуд Аббас жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Путин Россияга өзүнүн кызыкчылыктарын, элин тилекке каршы, колуна курал алып коргоого туура келип жатканын айткан.

"Албетте, Палестинада жаралган гуманитардык каатчылык менен окуяларга көңүлүбүз ооруп көз салып турабыз. Палестин калкын колубуздан келишинче колдоого аракет жасоодобуз. Ири алдыда жөнөкөй элдин зыянга учурап жатканына түйшөлүп турабыз. БУУнун маалыматына караганда, жалпы 40 миңге чукул киши, алар негизинен балдар менен аялдар", — деген ал.

РФ лидери Москва кырдаалды тынчтык аркылуу жөнгө салууну колдоорун жана алардын өлкөсү менен позициясы бир экенин белгилеген.
"Биздин позиция өзгөрбөйт. Ал мурда эле калыптанган. Аймакта туруктуу, ишенимдүү тынчтыктын узакка орношу үчүн БУУнун бардык, анын ичинде толук кандуу Палестина мамлекетин түзүү чечимдери аткарылышы керек", — деп кошумчалаган Путин.
Аббас Россия менен Палестинаны көп жылдык достук мамилелер байланыштырып турганын белгилеген.
"Россия палестин элинин баалуу конокторунун бири экенин сезебиз. Жолугушууда айтканыңыздай, элибиз өзүнүн мамлекетине ээ болот деп ишенебиз", — деген ал.
Аббас анткен менен БУУ Палестина мамлекетин түзүү боюнча өзүнүн миссиясын аткара албай калганын айткан.
"АКШнын басымынан улам, БУУ чечим кабыл алуу жана палестин элинин укуктарын камсыз кылган резолюцияны ишке ашырууда өзүнүн милдетин аткара албай койду", — деген Аббас.
Палестина президенти Аббас Хания эмне себептен өлтүрүлгөнүн айтып берди