Олимпиада оюндары — 2024

Парижден кайткан спортчуларга Кыргызстандан чыккан унаалар да тапшырылды

Темир тулпарлар Кыргызстандын аймагында жакында эле ачылган автоунаа заводунан жасалганын белгилешти.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Бүгүн Париждеги XXXIII жайкы Олимпиададан келген спортчуларга тапшырылган автоунаалардын ичинен ону Кыргызстанда жасалган. Бул туурасында президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматта темир тулпарлар Кыргызстандын аймагында жакында эле ачылган автоунаа заводунан жасалганы айтылат.
"Дүйнөлүк Олимп оюндарынын жеңүүчүлөрүнөн тышкары катышуучуларга берилген 10 даана автомобиль Кыргызстанда чыгарылган! Болгондо дагы жакында эле ачылган унаа заводдон даярдалган эң алгачкы өндүрүштүн алдын президенттин колунан белекке алышты", — деп жазылган маалыматта.
Бүгүн Бишкек шаарында Париждеги XXXIII жайкы Олимпиададан кайткан спортчуларды тосуп алып, аларды сыйлоо салтанаты болду. Ага президент Садыр Жапаров катышты.
Эске салсак, Чүй облусунун Москва районунда жайгашкан кыргыз-өзбек заводунун расмий ачылышы 18-июлда болуп, ага президент Садыр Жапаров менен Өзбекстан башчысы Шавкат Мирзиеев онлайн катышкан.
Олимпиада оюндары — 2024
Парижде өткөн Олимпиада оюндарынын катышуучулары сыйланышты. Тизме