УКМК: ишкер Жалил Атамбаев менен мурдагы депутат Салайдин Айдаров кармалды

Алар Өзбекстандын кылмыш дүйнөсүнүн лидери Салимбай Абдувалиев менен мамиле куруп, бизнесин калкалатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого шектелип ишкер Жалил Атамбаев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Салайдин Айдаров кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар Салимбай Абдувалиев (Салимбай байбача) менен мамиле куруп, бизнесин калкалаткан.
"Жалил Атамбаев өзүнүн бизнес-империясын кеңейтүү максатын көздөп, Өзбекстандагы кылмыш дүйнөсүнүн лидери Салимбай Абдувалиев менен жакын мамиледе болгон. Өз кезегинде Абдувалиев Атамбаевге колдоо көрсөтүп, бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүп берген, ал үчүн кыргыз ишкеринен эбегейсиз каражат алган. Кылмыш ишинин дагы бир фигуранты Салайдин Айдаров дагы Өзбекстандын кылмыш дүйнөсүнүн лидерине ар тараптан сый-урмат көрсөтүп, ишмердүүлүгүнө колдоо алган", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, УКМК 1-августта Салим Абдувалиевге эл аралык издөө жарыялаган.
УКМК Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Мамбеталиевдин кармалышын түшүндүрдү