РФ менен КР радиациялык, химиялык, биологиялык жагдайды баалоо боюнча кызматташат

Аталган макулдашууга Кыргызстандын жана Россиянын коргоо министрлери 26-апрелде Астана шаарында кол коюшканы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия менен Кыргызстандын ортосундагы радиациялык, химиялык жана биологиялык жагдайды аныктоо жана баалоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитти. Токтом "Эркин-Тоо" гезитинин 6-августтагы чыгарылышында жарыяланды.
Анда аталган макулдашууга Кыргызстандын жана Россиянын коргоо министрлери 26-апрелде Астана шаарында кол коюшканы айтылган.
"Коргоо министрлиги аталган макулдашууну ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары аныкталсын. Тышкы иштер министрлиги аталган макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Россия тарапка кабарласын", — деп жазылган министрлер кабинетинин 31-июлдагы №443 токтомунда.
Ошондой эле токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирери кошумчаланган.
Сентябрда Кыргызстанда ЖККУнун машыгуулары өтөт