Кыргызстан Парижден кайткан уул-кыздарын тосуп алды. Толкунданткан ирмемдер

Бүгүн Кыргызстанда коомчулукту кайдыгер калтырбаган, позитивдүү окуя болду. Париждеги XXXIII жайкы Олимпиададан кайтып келген Кыргызстандын курама командасын тосуп алып, сыйлоо аземи өттү. Ага президент Садыр Жапаров катышты.
Sputnik
Сандар менен сүйлөсөк, Олимп оюндарына катышкан 206 команданын ичинен Кыргызстан 16 спортчусу менен медалдык эсепте 68-орунду ээледи. Ал эми Азиядан аттанган 44 өлкөдөн 15-орунда болду. 16 спортчунун алтоо байгелүү кайтты.
1 / 17

Кыргызстанды дүйнөгө дагы бир ирет тааныткан спорт чеберлеринин келиши республикадагы позитивдүү окуялардан болуп калды

2 / 17

Парижден келген уул-кыздардын ийгилигине кубанган эл

3 / 17

Бул 16 темир тулпар XXXIII жайкы Олимпиададан кайткан 16 спортчуга тартууланды

4 / 17

Балбандар менен учурашып жаткан президент Садыр Жапаров

5 / 17

Бокс боюнча күмүш медаль алган Мунарбек Сейитбек уулу Олимп оюндары өтүп жаткан күндөрү кыргызстандыктар эле эмес, дүйнө коомчулугун бир толкутту

6 / 17

Көңүл кубанткан көрүнүш. Спортчуларга автоунаа жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

7 / 17

Эл сүймөнчүлүгүнө арзыган Мээрим Жуманазарова. Бул кызыбыз жарааты менен Парижге аттанып, намыска жарап күмүш медаль утуп келди.

8 / 17

Бишкек шаары, Өкмөт үйүнүн алды, Турдакун Усубалиев атындагы аянт. 2024-жылдын 13-августу. Тарыхый күн. Ээлерин күткөн автоунаа-белектер.

9 / 17

Президент Садыр Жапаров Париждеги XXXIII жайкы Олимпиададагы ийгиликтерден кийин кыргыз спортунун жаңы тарыхы жазылып жатканын айтты

10 / 17

Балбан Амантур Исмаилов 1 миллион сом жана автоунаа менен сыйланды

11 / 17

Коло медаль алган балбан Үзүр Жузупбеков 7 миллион сом жана автоунаа менен сыйланды

12 / 17

Коло медаль алган балбан Жоламан Шаршенбеков 7 миллион сом жана автоунаа менен сыйланды

13 / 17

Коло медаль алган балбан Акжол Махмудов 7 миллион сом жана автоунаа менен сыйланды

14 / 17

Коло медаль алган балбан кыз Айсулуу Тыныбекова 7 миллион сом жана автоунаа менен сыйланды

15 / 17

Күмүш медаль алган балбан Мээрим Жуманазарова 10 миллион сом жана автоунаа менен сыйланды

16 / 17

Күмүш медаль алган боксчу Мунарбек Сейитбек уулу 10 миллион сом жана автоунаа менен сыйланды. Бул мушкер Кыргызстан, коңшу өлкөлөр эле эмес, дүйнөнүн бир топ мамлекеттерине белгилүү болду. Кыргызстандын бокс боюнча тарыхында жазылып калгыдай ийгиликтерди жаратты.

17 / 17

Президент Олимпиадага катышкан 16 спортчунун ар бирине токтолуп, мелдештеги өзгөчөлүгүн, жетишкендигин санап өттү. Спорттогу ийгиликтер улут биримдигин чыңдоого салым болгонун кошумчалады.