Өлкөдө эхинококкоздон дарылангандардын 65 пайызга чейинкиси — жаштар

Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанга эхинококкоз менен күрөшүү үчүн дары-дармекти жардам катары бергенин аталган уюмдан маалымдашты.
Таблетка түрүндөгү 435 миң даана альбендазол дарысы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментине тапшырылды.
"Бул өтө маанилүү дары киста жана альвеолярдык эхинококкоз менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн зарыл. Жакын арада алары өлкөдөгү саламаттыкты сактоо боюнча бардык уюмдарга таратылат", — деп айтылат маалыматта.
Эхинококкоз көбүнчө малдан жугат. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин расмий маалыматы боюнча, өлкөдө жыл сайын эхинококкоздун 800дөн 1500гө чейин учуру катталат. Хирургиялык дарылоо үчүн келген бейтаптардын 58ден 65 пайызга чейинкисин балдар түзсө, өлүм экиден алты пайызга чейин жетет.
Дарыгерлер эхинококкозду алдын алуу жолдорун эскертишти