Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна электрондук жолдомо системасы киргизилет

Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги электрондук жолдомо берүү системасын сынамык иретинде ишке киргизүүдө. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, система 15-августтан тарта иштеп баштайт.
"Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлерине аймактардан электрондук жолдомо берилет. Ал онлайн-режимде дарыгерге жазылып, көрүнүүгө мүмкүндүк түзөт. Бул үчүн жаран жашаган жери боюнча ооруканага кайрылат. Зарыл болсо дарыгер борборго электрондук жолдомо берет. Анда система көрүнүү убактысын аныктап, талон түзөт. Аны менен бейтап дарыгерге көрүнгөнү бара алат", — деп айтылат маалыматта.
Өлкөдө эхинококкоздон дарылангандардын 65 пайызга чейинкиси — жаштар