Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШнын экс-элчиси: Киев Курскиге кол салып чийинден чыгып кетти

Жон Салливан Путинден "болушунча чечкиндүү кадамдарды" күтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Украина Курск облусуна кол салып "кызыл чектен" ашып кетти. Бул тууралуу АКШнын Россиядагы мурунку элчиси Жон Салливан CNN телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Россиялыктар өздөрү чагымчылык же террордук акт деп атаган нерселерге АКШ аралашып, муну украиналыктар өтүп кеткен "кызыл чек" деп кабылдашы мүмкүн", — деген дипломат.
Салливан Путинден Россия территориясынан Украина Куралдуу күчтөрүн сүрүп чыгара турган "болушунча кескин чараларды" күтүп жатканын белгиледи.
Украина Куралдуу күчтөрү 6-август күнү Курск облусуна кирип келген. РФ Генштабынын жетекчиси Валерий Герасимов каршы тарап токтотулганын, операция душмандын талкаланышы менен аяктай турганын билдирди.
Ушу тапта Курск, Белгород жана Брянск облустарында элдин коопсуздугун камсыздоо үчүн контртеррордук операция режими киргизилген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Эксперт: Курск чабуулу боюнча Зеленский Украина генералдарына басым жасаган