Сербиянын вице-премьери Вулин: Европа Россия менен чырдашууга бет алды

Саясатчы Россия менен Сербияны кагыштыруу аракетине көңүл бурган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Европа Россия менен чырдашууга бет алып баратат. Бул тууралуу Сербиянын вице-премьери Александр Вулин РИА Новостиге маек куруп жатып билдирген.
Ал Москва тараптан эч кандай кооптуулук жаралбаганын белгиледи.
"Европа Россия менен чырдашууга ыктап баратат. Жаңжалга эч кандай себеп жок, Россия кандайдыр бир кооптуулук жаратты деп да айтууга болбойт", — деди Вулин.
Саясатчы Россия менен Сербияны кагылыштыруу аракетине көңүл бурду. Анын айтымында, сербиялык бейөкмөт уюмдардын басымдуу бөлүгү ЖМК аркылуу Украинанын Сербия тарабынан куралданышы боюнча жалган маалыматтарды таратуу тапшырмасын алышкан. Вулин мунун баары Россияда коомдук пикирди жаратып, Москва менен Белграддын ортосуна от коюу максатында жасалып жатканын белгиледи. Мындай аракеттер "Россияны мурунку СССРдин батыш чек арасындагы жалгыз ылым санаган мамлекет менен араздаштырып, ал эми Сербияны эл аралык аренадагы тарыхый өнөктөштөн ажыратууну" көздөйт.
Вулин серб курал-жарагы Украинага жеткирилип жатат деген имиш кепти четке кагып, аны сатып алгандар үчүнчү өлкөгө сатууга уруксат сурашпаганын белгиледи.
"Сербия андан сатып алынган курал-жарак менен ок-дарыны Белграддын макулдугусуз үчүнчү мамлекеттерге сатууга тыюу салган кошумча кепилдик боюнча милдеттемелерди киргизген жалгыз өлкө. Биздин продукцияны үчүнчү мамлекеттерге сатууга уруксат эч ким сураган эмес", — деди Вулин.
Москва НАТО конфронатцияга ыктап жатканын, анын кеңейиши Европанын коопсуздугун сактоого жардам бербей турганын эскерткен. Президент Владимир Путиндин айтымында, Россия 30 жыл бою Батыш менен жакындашууга аракет кылып, бирок дайым алданып келет. Ал эми альянс бул арада Москванын каршылыгына карабай Россиянын чек арасына жакындай берген.
Ошол эле учурда Россия Батыш мамлекеттери үчүн эч кандай кооптуулук жаратпай турганын, бирок кызыкчылыгына коркунуч пайда болгон учурлар көз жаздымда калбастыгын бир нече ирет эскерткен. Антсе да тең укуктуу диалогго ачык экенин да жашырган эмес. Бул үчүн Батыш европалык контингентти милитаризациялоо курсунан баш тартышы керек.
Көздөгөнү башка. Сербияда митингчилердин чыныгы максаты айтылды