Бишкектеги оюн-зоок борборунда кызды жылан чагып алды. Видео

Кыздын атасы өспүрүмдүн абалы жакшы экенин айтып, арыз жазуудан баш тарткан.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Бишкектеги соода жана оюн-зоок борборлорунун биринде жылан өспүрүм кызды чагып алды. Маалыматты Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Окуя кечээ, 12-августта, саат 20:15тер чамасында болгон.
Маалыматта 15 жашар кыз зоопарктын кызматкеринин ордуна эки саатка иштеп турган маалында болгону айтылат.
"Медайым өспүрүмгө жеринде биринчи жардам көрсөтүп, андан кийин ооруканага алып кетишкен. Ал эми кыздын атасы арыз жазуудан баш тартып, дарыгерлер текшергенин, абалы жакшы экенин айткан", — деп билдиришти Ленин РИИБинен.
Милиция бул факт боюнча тергөөгө чейинки иликтөө иштери башталганын кошумчалады.
Жалал-Абад: күйөөсү кош бойлуу аялын жылаңачтап сабаган. Милиция окуя тууралуу