"Армия-2024" форумунда көргөзмөгө коюлган жаңы курал. Видео

Москвада өтүп жаткан "Армия-2024" форумунда роботтошкон МТС-15 шассисиндеги "Клевер" деп аталган өзү жүрүүчү артиллериялык түзүмдү көрсөтүштү.
Sputnik
Россиялык артиллеристтер "Клеверди" аралыктан, тагыраагы, 500 метрден башкара алат. Гаубицага төрт снарядды автоматтык түрдө жүктөгүч орнотулган. Бул каршылаштардын контрбатареялык аткылоосуна кабылуу ыктымалдыгын азайтат.
Учурда роботтошкон 122 мм. "Клеверди" сыноодон өткөрүп жатышат.
Тема боюнча:
"Гром" дронунун жаңы түрүн көрсөтүштү. Видео