Радио

Орозакунов: кылкандуу дан эгиндери былтыркыдан көп жыйналды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин чечимдерди ишке ашыруу башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бакытбек Орозакунов ушул тапта өлкө боюнча кылкандуу дан эгиндерин ооруп-жыйноо 60 пайызга бүткөрүлгөнүн айтты.
Sputnik
Учурда Кыргызстандын алты облусунда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо кызуу жүрүп жатат. Былтыркы жылга салыштырмалуу буудай, арпа орто эсеп менен 5 центнерге көп жыйналды. Бул тууралуу Бактыбек Орозакунов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл жаз мезгили жаан-чачындуу болгондуктан суу тартыштыгы болгон жок.
"Азыркы тапта республиканын Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарында кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери кызуу жүрүп жатат. Чүй облусунда кылкандуу дан эгиндеринин 85 пайызы жыйналды. Мында арпа, буудайдын түшүмдүүлүгү гектарына 30 центнерди түздү. Ош, Жалал-Абад, Баткенде оруп-жыйноонун 98 пайызы бүткөрүлүп, үч центнерден көбүрөөк түшүм алынды. Негизи быйыл жаан көп жаагандыктан кылкандуу дан эгиндеринин түшүмү жогору болду. Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн климаттык шарттарына туура келген буудайдын "интенсивдүү" сорту кеңири пайдаланууда. Арпанын "вакула" жана "аталык" сорттору эгилип жатат. 2022-2023-жылы Россия Федарациясынан алып келинген үрөндөрүбүз бар. Алар жеңилдетилген тартипте дыйкандарга таркатылып жатат. Кылкандуу дан эгиндеринин сапатын жакшыртуу максатында алардын сортторун жаңыртуу, климаттык шарттарга ыңгайлаштыруу иштери байма-бай аткарылып келет", — деди Орозакунов.
Ал быйыл буудай 240 миң гектар аянтка, арпа 250 миң гектарга себилип, бүгүнкү күндө анын 300 миң гектар аянтка жакыны жыйналганын кошумчалады.