14-августка карата аба ырайы

14-августта республика аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Шаршембиде айрым тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 33…38, Талас аймагында 30…35, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 33…38, Ысык-Көл жеринде 26…31, Нарын өрөөнүндө 28…33 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 35…37, Ош шаарында 36…38 градусту көрсөтсө, Чолпон-Атада 26…28 градуска жетет.
Аптаптын деми кайтабы? 17-августка чейинки аба ырайынын божомолу