Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Саламаттык сактоо министрлиги электрондук жолдомо берүү системасын сынамык иретинде ишке киргизүүдө. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти. Ага ылайык, система 15-августтан тарта иштеп баштайт. "Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлерине аймактардан электрондук жолдомо берилет. Ал онлайн-режимде дарыгерге жазылып, көрүнүүгө мүмкүндүк түзөт. Бул үчүн жаран жашаган жери боюнча ооруканага кайрылат. Зарыл болсо дарыгер борборго электрондук жолдомо берет. Анда система көрүнүү убактысын аныктап, талон түзөт. Аны менен бейтап дарыгерге көрүнгөнү бара алат", — деп айтылат маалыматта.
Associated Press маалымат агенттиги Болгариянын укук коргоо органдары Кыргызстандан барган жүктүн ичинде катылган 436 килограмм баңгизат тапканын жазган.Маалымат жергиликтүү ЖМКларда жана социалдык тармактарда тарап жатат. Анткен менен Кыргызстандын ИИМи Болгариянын мамлекеттик органы тарабынан расмий маалымат жөнөтүлбөгөнүн билдирди."Бул окуя боюнча ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы мамлекеттер аралык келишимдердин негизинде тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Азыркы убакта жүк Батуми шаарынан барганы маалым жана мындан аркы маалыматтар такталып жатат", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле баңгизатты мыйзамсыз жүргүртүү менен күрөшүү министрликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири экени кошумчаланган.
Кыргызстанда Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору (МЧИБ) түзүлдү. Өкмөттүн токтомунда мындай чечим жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу, аларды анык эмес маалыматтан коргоо максатында кабыл алынганы айтылган. Ошондой эле МЧИБ республиканын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо жана бекемдөө максатында түзүлгөнү белгиленди. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу аталган борбор ЖМК жана интернетти мониторингдейт.Маданият министрлиги Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборунун жайгашуусу үчүн кеңсе бөлүп берип, техникалык жана коммуникациялык тейлөөсүн камсыздашы керек.Буга чейин бийлик социалдык тармактарды көзөмөлдөө борборун түзүүнү пландап жатканын билдирген.
Кыргызстанда бокс академиясы курулат. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта Кыргызстандын олимпиада курамасынын катышуусунда өткөн маалымат жыйында айтылды. Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов Кыргызстанда бокс академиясы ачыла турганын айтты. Анын айтымында, учурда академия куруу үчүн жер бөлүнгөн. Белгилей кетсек, Кыргызстандын тарыхында бокс боюнча биринчи жолу Олимпиадага лицензияны мушкер Мунарбек Сейитбек уулу алган. Ал Париж Олимпиадасында финалга чейин жетип, күмүш медал тагынды.
КШнын президенти Жозеф Байдендин Украинанын НАТОго мүчө болушу керектигин айтканы украин чатагын ырбатты. Бул туурасында Американын мамлекет башчылыгына талапкер болуп жаткан Дональд Трамптын айтканын RT жазды. "Россия буга эч качан макул болбойт. А биз мындай нерсени жар салып жатабыз", — деген ал ишкер Илон Маск менен маектешип отурганда. Россия менен Кошмо Штаттар өзөктүк куралдын көлөмү боюнча лидер болгону менен жакында Кытай АКШны кууп жетип жана андан озуп өтөт.