Бала менен үйдө отурган айымдардын финансылык көз карандысыздыкка умтулуусу канчалык эффективдүү?

Sputnik
Технологиянын өнүгүүсү менен жашообузда көп нерселер өзгөрүүдө. Мурда акчаны үйдөн сыртка чыгып тапсак, азыр үйдө отуруп эле табууга болот. Бүгүнкү күндө үйдө баласы менен отургандар да финансылык көз карандысыздыкка умтулушат. Үйдө отуруп акча табуунун курстарын окуп, изденип, анын аркасы менен киреше тапкандар бар. Кээ бири үй-бүлөлүк бюджетине зыян учуратып алышы мүмкүн. Айрымдары мындай окутуулардын жардамы менен жашоодон ордун таап, бир кесиптин ээси болушат. Бала менен үйдө отуруп финансылык көз карандысыздыкка умтулуу канчалык эффективдүү? Баласын караганга жетишеби? Күйөөсү кандай колдоо көрсөтүү керек?
Мунун баарына биздин “Көз мончок” уктуруусунан жооп ала аласыдар.