Өзгөртүүлөр киргизилип жаткан үй-бүлө кодексине балдар кодекси камтылбай калганбы?

Sputnik
Балдар кодексинин ичинде балдар юстициясы бөлүмү бар. Ал ювеналдык юстиция (кылмыш кылган балдарга чара көрүү маселелери) жана экинчиден жарандык иштер (алимент өндүрүү, кайсы бир ата-энеси менен жашоо мүмкүнчүлүгү, асырап алуу, ата-энелик укук-милдеттен ажыратуу) болуп бөлүнөт. Жаңы редакцияда ушул балдар кодексинин жокко чыгарылганы юристтер үчүн өкүнүчтүү маселе экенин Айжан Кадырова билдирди. Муну менен катар ал балдар арасында синтетикалык баңгизат өтө өсүп, буга каршы мамлекеттик менеджментти талап кылып жатканын айтты.
Ошондой эле зомбулуктан улам ажырашып балдары менен экономикалык кыйын кырдаалга кабылган аялдар да көп экен.