Кыргызстандыктарга Россиянын ЖОЖдорунан билим алуу үчүн квота көбөйтүлдү — кайсы кесипке суроо-талап жогору?

Sputnik
2024-2025-окуу жылында Кыргызстандык абитуриенттерге чет өлкөлөрдөн акысыз окууга Россия, Кытай, Венгрия, Казакстан өлкөлөрүнөн орундар бөлүнгөн. Россия жогорку окуу жайларында гранттык окууга жалпы 700 квота берген. Аталган мамлекетке тапшыруунун жолу оңой. Бүгүнкү күндө IT, технология, медицина тармагына суроо-талап жогору. Чет өлкөгө бекер окууну каалагандар электрондук сайттар аркылуу маалыматтарды алып, документтерин тапшыра алышат. Учурда кээ бир мамлекетке тапшыруу аяктап баратат.
Келечекте Корея өлкөсү менен кыргызстандык студенттерди акысыз окууга жөнөтүү боюнча кызматташуу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Үмөталиева маалымдадады.