Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Париждеги Олимпиададагы ийгиликтердин аркасында кыргыз спортунун жаңы тарыхы жазылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Олимпиададан кайтып келген спортчуларды тосуп алуу аземинде билдирди. Анын айтымында, Париж Олимпиадасы өлкө тарыхында жемиштүү болду. "Париждеги Олимпиададагы ийгиликтердин аркасында кыргыз спортунун жаңы тарыхы жазылууда. Бул жолку оюндар өлкө тарыхындагы эң ийгиликтүүсү, жемиштүүсү болду. Бул иш-чарага 10 миңден ашуун спортчу катышып, 206 командадан Кыргызстан 16 спортчусу менен медалдык эсепте 68-орунду ээледи. Ал эми Азиядан катышкан 44 өлкөдөн 15-орунда болду. 16 спортчунун алтоо байгелүү кайтып, баргандар менен медаль алгандардын катышы боюнча сап башына чыктык", — деди мамлекет башчы. Ошондой эле ал спорттогу ийгиликтер улут биримдигин чыңдоого салым болгонун кошумчалады. Жапаров Париж Олимпиадасында тарыхы бир, тамыры бир, тили менен дили орток кыргыз, казак, өзбек күйөрмандарынын өз ара ынтымагы дүйнө жүзүнө даңазалангандыгын белгиледи. Айта кетсек, Парижде өткөн жайкы Олимпиада оюндарында Мунарбек Сейитбек уулу жана Мээрим Жуманазарова күмүш, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жузупбеков коло медаль тагынышты.
Ал арада Парижде өткөн Олимпиада оюндардын катышуучуларын сыйлоо аземи отту. 16 спортчунун жетишкендигине карап акчалай сыйлыктар тапшырылды. Күмүш байге алган Мээрим Жуманазарова, Мунарбек Сейитбек уулуна — 10 миллион сом жана автоунаа тапшырылды; Коло байгенин ээлери: Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жузупбеков, Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбековага — 7 миллион сом жана автоунаа берилди; Олимпиада оюндарынын катышуучулары: Айпери Медет кызы, Айаал Лазарев, Бекзат Алмаз уулу, Амантур Исмаилов — 1 миллион сом жана автоунаа алды; Ал эми Кубанычбек Айбек уулу , Эрлан Шеров, Эрназар Акматалиев, Денис Петрашов, Елизавета Печерских, Сардана Трофимовага — 500 миң сом жана автоунаа тапшырылды. Ошондой эле машыктыруучулар менен медицина кызматкерлери 50 миңден 6 миллион 600 жуз мин сомго чейинки сертификаттарды алышты.
ЖОЖдорго тандоонун жана кабыл алуунун акыркы туру жүрүп жатканын Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Каттоо 2020.edu.gov.kg автоматташтырылыган маалыматтык система аркылуу 14-август саат 14:00гө чейин жүргүзүлөт. Мурдагы турда жогорку окуу жайларга 24 миң 797 адам кабыл алынган.
АКШнын экс-президенти жана Республикалык партиядан өлкө башчылыгына талапкер Дональд Трамп Илон Маск менен маектешип жатып, эгер кайра шайланып калса Россия федерациясынын лидери Владимир Путин менен кайрадан тил табышуу ниетинде экенин айтты. Трамп окуянын мындай нукта өнүгүшү жакшы жыйынтык бермектигин белгилеп, убагында Путинге Украинадагы аскердик аракеттердин кереги жоктугун да айтканын кошумчалады. "Путинге "антпе, антпеш керек, Владимир" дегем. Ошол биздин акыркы сүйлөшүүбүз болду. Эч качан буга бармак эмес, мамилебиз жакшы болчу. Кайра тил табышабыз деп үмүттөнөм. Жакшы болмок", — деди Трамп.Муну менен бирге Трамп россиялык армиянын кубатын белгилеп, Советтер Союзунун фашисттик Германияны, Россиянын Наполеонду жеңгенин эске салды.