Автогазга байланыштуу абал качан жөнгө салынат?

Sputnik
Өлкөдө унаа газы тартыштыгы жаралып, машинелер күйүүчү май куйган жерлерде узун кезектер пайда болду. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канатбек Эшатов бул кырдаал эмне себептен жаралганын чечмеледи. Анын айтымында Унаа газынын тартыштыгынын жаралуусуна бир нече орчундуу себеп бар, биринчиси, Россиянын темир жолдорунда вагон-цистерналардын жетишсиздигинен улам ташып келүүчүлөр газды өз убагында жөнөтө албай жатканы.
Ошондой эле, Орто Азияда унаа газын колдонуу бир нече эсе көбөйгөнү жана Россияда ички туризми кескин күчөп, ички муктаждыктын көбөйгөнү дагы негизги себептерден.