Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Серепчи: Украина Курск аймагындагы операциянын ийгиликсиз болгонун түшүнө баштады

Кырдаал украин аскер бөлүктөрүнүн 6-август күнү эртең менен Суджан районунун аймагына кирип келүү аракетинен кийин курчуп кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Курск облусун басып алуу аракети ишке ашпай калганын ал тургай Украина да түшүнө баштады. Бул тууралуу британиялык аскерий талдоочу Александр Меркурис айтканын RT билдирди.
Меркурис өзүнүн блогунда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн мизин кайтаруу үчүн Россия өз аскерлерин башка жактан алып чыкканын көрбөгөнүн айтты.
"Көздөгөн планы ушундай болсо, анда ал ишке ашпай калды", — деген серепчи.
Ал Киев бийлиги Курск аймагындагы операция ийгиликсиз өткөнүн түшүнсө "артка кайтуу" керектигин, негизги салгылашуу Донбасста болуп жатканын белгилеген.
Британиялык The Sunday Times гезити Курск облусун бутага алуу Владимир Зеленскийдин чатак чыккандан берки эң кооптуу чечими болгонун жазган.
Ал эми дагы бир басылмасынын серепчиси Юлиан Рёпке украиналык аскерлердин Курск багытында ниети эмне экенин түшүнбөй турганын айткан.

"Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн россиялык аймактын бир бөлүгүн басып алуу аракети — аябай эле кооптуу иш", — деген Рёпке.

Эске салсак, 2024-жылдын 6-августунда таңга маал Украин аскерлери Курск облусунун аймагына чейин кирип келишкен. Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов алардын жылышы токтотулганын президентке кабарлаган. 10-августта Россиянын Белгород, Курск жана Брянск облустарында террорчулукка каршы операция режими киргизилген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Курск облусунда абал кандай? Соңку маалымат