Пресс-борбор

Борбор Азияны интеграциялоо үчүн эмне керек? Экс-вице-премьердин жообу

Токон Мамытов Борбор Азия туш келген коркунучтарды, чакырыктарды жана тобокелдиктерди аныктоого убакыт келгенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Борбор Азиянын интеграциясын өркүндөтүү үчүн коопсуздук маселелерин чечүү керек. Бул тууралуу мурдагы вице-премьер, саясий илимдердин доктору Токон Мамытов билдирди.
Ал Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын Астанада өткөн саммитинин жыйынтыгы боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги уюштурган иш-чарада сүйлөдү.
"Борбор Азия туш келген коркунучтарды, чакырыктарды жана тобокелдиктерди аныктоого убакыт келгенин белгилейм. Андан кийин көйгөйлөрдү алдын алуу жолдору аныкталышы мүмкүн. Бул оңой-олтоң иш эмес, бирок интеграциялоо процессин өнүктүрөбүз десек, каалайбызбы-каалабайбызбы, коопсуздукту камсыздоо маселесин биринчи кезекте чечүү зарыл", — деди Мамытов.
Эске салсак, 9-августта Астанада Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын саммити өттү. Анда аймактык алаканы өнүктүрүү стратегиясы, ошондой эле достук, коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлду.
ЕАЭБ Кыргызстанды кандайча өзгөрттү. Көз караш, сандар, жыйынтык