Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Курскиде 28 айыл Украина аскеринин көзөмөлүндө. Ушу саатка дагы эмне белгилүү

Курск облусундагы кырдаал тууралуу Владимир Путинге губернатордун милдетин аткаруучу Алексей Смирнов маалымат берди.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Ново-Огареводо Курск, Белгород жана Брянск облустарындагы кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Кремлдин сайтында жарыяланды.
Жыйынга Коопсуздук кеңешинин, президенттик аппараттын өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү, күч түзүмдөрүнүн жана үч облустун жетекчилери катышты.
Путинге Курск облусундагы кырдаал тууралуу губернатордун милдетин аткаруучу Алексей Смирнов маалымат берди.
Баяндамадан урунттуу учурлар:
Украина Куралдуу күчтөрүнүн кол салуусунан 12 тургун каза болуп, 121 адам жарадар болду. Анын ону жаш балдар;
Курск облусунун жетекчилигинде Украина Куралдуу күчтөрү көзөмөлдөгөн 28 айылдагы 2 миң адам тууралуу маалымат жок;
чек ара аймагынан 121 миң тургун эвакуацияланды;
каршылаш Курск облусунун аймагына 12 чакырым кирип келген. Фронттун линиясы 40 чакырым;
аймакта Россиянын документтери менен диверсиялык топтор иштейт;
Курск облусунун чек ара аймактарындагы жашоочуларга күнү-түнү гуманитардык жардам берилүүдө. Тамак-аш, таза суу, ошондой эле дары-дармек жана донордук кандын тартыштыгы жок.
Эске салсак, 6-августта украин аскерлери Курск облусундагы Суджан районун басып алууга аракет кылган.
Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, бул согуштук аракеттер башталгандан бери Украинанын Куралдуу күчтөрү 1350гө чейин аскер кызматкерин, 29 танкын, 23 БТР, 9 жөө аскерлердин техникасын жана 11 сооттолгон унаасын жоготкон.
Курск, Белгород жана Брянск облустарында антитеррордук операция режими киргизилди. Курск федералдык деңгээлде өзгөчө кырдаал режиминде.
Тергөө комитети террордук чабуулдар жана адам өлтүрүү боюнча кылмыш ишин козгоп, ошондой эле жарандык объектилерге сокку урууга буйрук берген жана аткарган украин аскерлеринин өздүгү такталууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Эксперт: Курск чабуулу боюнча Зеленский Украина генералдарына басым жасаган