Россияда "Армия-2024" форуму өтүп жатат

Иш-чарага Кыргызстандын коргоо министринин орун басары Эмил Осмонов катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг.— Sputnik. Кубинка шаарында (Москва облусу) "Армия-2024" аскерий-техникалык форуму өтүп жатат. Бул туурасында РФтин Коргонуу министрлигинен кабарлашты.
Иш-чарага 83 мамлекеттин аскердик делегациялары катышууда, алардын ичинде коргонуу министрлери жана башкы штабдардын жетекчилери бар.
Байкоочу катары Кыргызстандан коргоо министринин орун басары Эмил Осмонов катышууда.
"Форумда россиялык жана чет элдик ишканалар аскердик жана жай жарандарга багытталган 20 миң продукциянын үлгүсүн сунушташат. "Патриот" көргөзмө борборунда аскердик маанайдагы продукциялар, жарандык ишканалардын жана аскердик техникалардын үлгүлөрү коюлган", — деп айтылган маалыматта.
Форумда жасалма интеллект (ЖИ) жаатында өз ара иштешүү аянтчасында инновациялык долбоорлорду бул жаңычылдыктын технологияларын колдонуу максатында тажрыйбалар, сыноолор жүргүзүлмөкчү. Эксперттерге долбоорлордун ар кандай даярдык деңгээлдерин баалоо мүмкүнчүлүгү жараларын айтышты. Аны менен катар эле ЖИнин технологияларын илимий жана практикалык иш-чараларда колдонуу үчүн жаңы ыкмаларды аныктоо мүмкүнчүлүгү берилмекчи.
ЖККУнун Ысык-Көлдө өткөн "Бузулбас боордоштук" машыгуусунан сүрөттөр