Радио

Кыргызстанда агроном-селекционерлер жетишпейт

Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак илим-изилдөө институтунун мөмө-жемиш өсүмдүктөрү лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери Нурлан Албанов сортторду селекциялоонун жаңы багыттарына өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.
Sputnik
Кыргызстанда агроном-селекционерлер жетишпейт. Буга айлыктын аздыгы, лабораториялык шарттын түзүлбөгөндүгү, мамлекеттик долбоорлордун жоктугу себеп экенин Нурлан Албанов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан экспортко багытталган мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторун чыгарууга аракет кылышы керек.
"Советтик мезгилде Кыргызстанда өсүмдүк селекциясына жакшы көңүл бурулуп, бир топ илимий эмгектер жасалган. Тилекке каршы, бул багытта алгылыктуу кадамдар болбой келет. Бүгүнкү күндө мөмө-жемиш сортторун селекциялоонун жаңы багыттарына өзгөчө көңүл буруу керек. Өзүбүздү агрардык өлкө деп жүргөнүбүз менен айыл чарбасында жаңы технологияларды колдонбой, илимий изилдөгө басым жасабай жатабыз. Мисалы, учурда Кыргызстанда агроном-селекционерлер жетишпейт. Буга айлыктын аздыгы, лабораториялык шарттын түзүлбөгөндүгү, мамлекеттик долбоорлордун жоктугу себеп болуп жатат. Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун чыгарсак азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, экспорттук потенциалыбызды жакшыртууга, экономикалык абалыбызды да өнүктүүгө өбөлгө болмок. Мындай иш айыл чарбанын бардык багыттарында болушу керек", — деди Албанов.
Ошондой эле ал Ботаникалык бак илимий-изилдөө институту Борбордук Азияда селекция багытында чоң ийгиликке жете аларын кошумчалады.