"Оюнкараак" айдоочуларга айып салынып, унаалары токтотулду. Видео

Социалдык тармактарда той кортежинин унаалары жолду тороп, оюн салып бараткан видео тараган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Автоээнбаштык жасаган той кортежинин унаалары айып короого токтотулду. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда той кортежинин унаалары жолду тороп, оюн салып бараткан видео тараган. Анда унаанын бирөөнөн бир адам белине чейин чыгып алганын көрүүгө болот.
"Бишкек — Чалдыбар унаа жолунда жолду тороп башкаларга тоскоолдук жараткан эки Toyota Camry, Changan EV-460 жана Toyota RV-4 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочуларын Чүй облусунун жол тескөөчүлөрү кармап, ар бирине 15 миң сомдон айып салды", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ээнбаш айдоочулардын унаалары айып короого киргизилгени кошумчаланды.
Кыргызстанда жол эрежесин бузгандарды дрон менен көзөмөлдөй башташты