Жалал-Абад: күйөөсү кош бойлуу аялын жылаңачтап сабаган. Милиция окуя тууралуу

Жабырлануучуну чатак чыгып төркүнүнө кете турган болгондо күйөөсү ур-токмокко алганы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Социалдык тармактарда токмоктолгон аялдын видеосу тарады.
Кадрдан кийимдери айрылып, бети канжалап жаткан аялды көрүүгө болот. Видеонун текстинде белгиленгендей, окуя 8-августтун кечинде болгон. Жабырлануучу аны туулган күнү менен куттуктаган пост социалдык тармакка жазылгандан кийин чыккан чатактан улам төркүнүнө кетмек болгонун, муну уккан күйөөсү аны сабап салганы айтылган.
Жалал-Абад ОИИБден 8-август күнү облустук ооруканадан 24 жаштагы М.Н. аялын токмоктоп салганы боюнча маалымат түшкөнүн кабарлашты.
"Текшерүү учурунда милиция шектүүнүн үйүнө барган. Жабырлануучу А.К. ал күнү арыз жазуудан баш тартып, бирок кийинки күнү укук коргоо органдарына келген. Анын арызынын негизинде экспертиза дайындалып, күйөөсү бөлүмгө алып келинген. 24 жаштагы киши аялы уруш учурунда тиштегенинен коюп жибергенде мурду канап кеткенин айткан. Ошол мезгилде аялы кошуналарына сүрөт, видеого тартып койгула деп суранып, аны бир тууган эжесине жибергенин билдирген", — деп айтылат маалыматта.
Соцтармактагы постто келин кош бойлуу экендиги белгиленди.
Пресс-борбор
Милициянын коргоо ордерлерин алгандар көбөйдү. Себеби