Көлбаевге белек-бечкек берип турган. УКМК казак ишкерин издөөгө алды

Казак ишкери кримтөбөлдүн камкордугунда болуу үчүн анын кылмыш ишин каржылап 200 миң доллар берген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Уюшкан кылмыштуу топту каржылоо фактысы боюнча казак ишкери, "Симирам" эс алуу борборунун ээси Ясынжан Таиров изделүүдө. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал маркум кримтөбөл Камчыбек Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылаган деп айыпталып жатат.
"Ясынжан Таиров Камчыбек Асанбектин өзгөчө оор кылмыштары үчүн бир нече жолу соттолгондугун билип туруп, колдоо алуу максатында Кыргызстандын аймагында биргелешкен бизнес-долбоорлорду жүргүзүү үчүн байланыш түзгөн. Мындан тышкары, ал Асанбектин кылмыш ишин каржылап, 200 миң доллар берген. Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрүн коттедждерде эс алдырып, кымбат баалуу белек-бечкегин берип жүргөн", — деп айтылат маалыматта.
Октябрь райондук соту Ясынжан Таировду сыртынан камакка алууну чечип, Интерпол аркылуу издөө жарыяланганы кошумчаланды.
Сот Камчы Көлбаевдин энесине жана Нурия Тентешовага өкүм чыгарды