Ысык-Көл облусундагы сел 17 турак үйдү каптап, көпүрөнү агызып кетти

Нөшөрлөгөн жамгырдан улам Бактуу-Долоноту суусу жана Жүдөмүш каналындагы суу нугунан чыгып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Тогуз-Булак, Бактуу-Долоноту, Булан-Сөгөттү, Бостери айылдары менен Чолпон-Ата шаарында жүргөн сел 17 турак үйдү каптап, ички көпүрөнү алып кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, нөшөрлөгөн жамгырдан улам Бактуу-Долоноту суусу жана Жүдөмүш каналындагы суу нугунан чыгып кеткен.

"Жалпысынан болжол менен 17 турак үйдү суу каптап, бир ички чарбалык көпүрөнү агызган. Жерине куткаруучулар, техника тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Шашылыш билдирүү: 11-12-августта тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн