Чолпон-Ата шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу калаанын мэри Данияр Сатаров билдирди.
Анын айтымында, туристтерге кооптонууга негиз жок, селдин кесепети жоюлууда.
Эске салсак, кечээ, Ысык-Көл облусунун Тогуз-Булак, Бактуу-Долоноту, Булан-Сөгөттү, Бостери айылдары менен Чолпон-Ата шаарында жүргөн сел 17 турак үйдү каптап, ички көпүрөнү алып кеткен.
ӨКМ: жырылып кетүү кооптуулугу бар көлдөр тыкыр көзөмөлдөнүүдө