Жапаров Кара-Суунун акимин иштен алып, ордуна башканы дайындады

Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунун акими болуп Канат Табалдиев дайындалганын мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгону айтылды. Өлкө башчынын башка тескемеси менен бул кызматты ээлеп турган Темирболот Абыкеев иштен алынган.
Эске алсак, буга чейин Темирболот Абыкеев УКМК тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз саткан деген шек менен кармалганы 24-июлда кабарланган.
Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп дайындалды