Жалал-Абад: Таш-Көмүр шаарында өрт чыгып, кырсык төрт адамдын өмүрүн алды

Министрлик каза болгондор бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экенин кабарлады.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында өрт чыгып, төрт адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 101 кызматына 11-август саат 17:30да Панфилов көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
"Жерине Таш-Көмүр шаардык өрткө каршы бөлүмүнө эки күжүрмөн эсеп, №6 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунан төрт куткаруучу тартылган. Тилсиз жоо саат 17:39да курчоого алынган. Тилекке каршы, өрттүн кесепетинен бир үй бүлөнүн төрт мүчөсү: 63 жаштагы Н.М., 10 жаштагы А.Б. жана 13 жаштагы А.Э. аттуу балдар, 6 жаштагы А.А. аттуу кыз каза болгон", — деп жазылган маалыматта.
Алардын сөөгү куткаруучулар тарабынан чыгарылып, Таш-Көмүр ШИИБине өткөрүп берилген. Өрттүн келип чыгуу себеби аныкталууда.
Радио
"Мурда ишиң эмне дешчү, азыр көз караш өзгөрдү". Өрт өчүрүүчү дыйкан тууралуу