БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Өлкөнүн ички дүң продукциясы (ИДП) быйылкы алты айда өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 8,7 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.
Жарым жылда ИДПнын көлөмү 677,1 млрд. сомду түзгөн.
"ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүүчү тармактардын жана салыктардын темпинин жогорулашынан улам камсыздалды. Товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 9 пайызга, кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 8,4 пайызга жогорулады", – деп айтылат комитеттин маалыматында.
ИДПнын түзүмүндө эң чоң үлүш (50,7 пайыз) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келген. Ал эми товар өндүрүүчү тармактардын үлүшү 30,4 пайызды түзгөн.